Соттун чечими менен үйүнөн ажыраган жаран президентке кайрылып, бул маселени чечип берүүнү суранды.
«Соттун акыйкатсыз чечимине байланыштуу өзүмдүн 2005-жылдан бери жашап жаткан үйүмөн ажырап калдым. Кошуналар күбө. Өзүмдүн үйүмө өзүм кире албай калдым. 2 балам менен ата-энем болуп аргасыздан кошуналар тигип берген боз үйдө жашап жатабыз»,-деген үй ээсинин уулу.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда өз үйүнөн чыгарылган үй бүлөнүн видеосу тараган. Үйдүн кожойкеси 50 миң сом насыяга акча алган. Ай сайын төлөп туруш керек болчу, бирок төлөй албай калган айларына пайыз кошула берген. Кожоюндун айтымында, аталган сумманы төлөп бүткөндөн соң, алар Орусияга кетишкен. 4 жылдан кийин келгенде насыя берген аял алар жазбаган тил каттын негизинде сотко кайрылып, көп суммадагы карыз экенин айтып, өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram