№3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар наристе боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштер жүрүп жатканын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
Белгилей кетсек, 13-январь күнү М.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, медициналык кызматкерлерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, дарыгерлер 2021-жылы төрөлгөн балага карата кесиптик милдеттерин начар аткаргандыктан бала чарчап калган.
Ал эми №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине дарыгерлер балага колдон келген жардамын көрсөткөнүн билдирген.
“Кечээ күнү баланын апасы түшкү саат 14:30да бизге кайрылган. Бала эки күндөн бери ооруп жаткан экен, бирок апасы ошол убакыт аралыгында дарыгерлерге барган эмес. Баланын дем алуусу начар болгондуктан педиатр кезексиз дароо кабыл алган. Бейтапты таразага тартып, салмагына жараша дары берилип, ингаляция жасалган. Ооруканага келгенде сатурациясы 82 болгон, кислородго кошуп 96-98ге көтөрүлгөн. Рентген дагы тартылган. Баланын абалы туруктуу болгондуктан Жалдагы ооруканага жеткирүү үчүн тез жардам чакыртылган. Бала ата-энесинин колунда болчу. 20 мүнөттөн кийин абалы начарлап кеткендиктен дароо реанимацияга жаткырылган. Биздин дарыгерлер колдон келгенин жасашты, тилекке каршы, бөбөк чарчап калды. Медиктер тарабынан баары туура жасалган, видеодо жазылып турат”, — деди Маманов.
Анын айтымында, дарыгерлер милицияны чакырып, сөөктү моргго жөнөтүшкөн. Ички кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, эми биринчи күндөн тарта бул окуяны атайын комиссия карай баштайт.