7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 миң сом акча алып жаткан жеринен окуу жайдын директору кармалды

968

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кол алдындагылардан акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-майда 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатан учурда аталган окуу жайдын директору Ч.Ч.А. кармалды.
Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, башкача айтканда, 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлаганы аныкталды.

Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде. Анын 5 миң сому директорга берүүгө аргасыз болушкан.

Ошондой эле, мындан мурда аталган директор мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алгандыгы аныкталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

969