7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Батуми» кафесин бузуу. Вице-мэр кафенин ээлерине келтирилген зыянды төлөп бермей болду

648

“Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

“Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул боюнча УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Н.Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев вице-мэр Н.Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649