200 миң АКШ доллар опузалап алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси кармалды.
Ал дагы 2 жаран менен бирге материалдык пайда алуу максатында, рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен УКМК төрагасы Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директоруна карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган.
Кеңешчи 2 жаран менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директорунан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы такталды.
Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.