7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

134

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды.

Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.

Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

135