Токтогул районунда буга чейинки жолугушууларда жалпы кайрылуулардын 82 пайызы чечилди, 297 маселенин 244ү чечилип, калган 53 маселе боюнча иштер уланууда.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бүгүн облустагы өкүл Тилек Текебаев район тургундары менен онлайн жолугушуп, ичүүчү жана сугат суу, жолдор, социалдык объектилердин курулушу, турак жай жана жер маселелерин талкуулап, тиешелүү мекемелерге тапшырма берди.



