Ош шаарындагы «Ош-Сити» IT-шаарчасынын курулушу текшерилди.
Курулуш министрлигинен билдиргендей, долбоор 32 лоттон туруп, 4төн 36 кабатка чейинки турак үйлөрдү камтыйт. Комплексте социалдык, коммерциялык жана IT-объектилер да жайгашат.
Текшерүүдө курулуш иштеринин долбоорго шайкештиги, уруксат документтери жана аймакты көрктөндүрүү талаптары каралды.



