Кыргызстандагы коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары кардарлардын акча которууларын текшерип, шектүү транзакцияларды бөгөттөй турган антифрод системасын киргизүүгө милдеттүү.
Бул тууралуу Улуттук банктын киберкоркунучтарга чара көрүү бөлүмүнүн башкы администратору Азамат Тиленбаев билдирди.
Бул система жарандардын акчасын интернет-алдамчылардан коргоого багытталган.



