Кыргызстанда туризм тармагындагы кызматтарды, объектилерди, маршруттарды жана компанияларды бириктирген Visit Kyrgyz улуттук платформасы ишке кирет.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, “Кызмат” жана “Түндүк” мекемелеринин IT адистери даярдаган платформада туристтер чек арадан өтүү, жайгашуу, тамактануу, транспорт жана башка кызматтар тууралуу маалымат алып, аларды алдын ала брондой алышат.
Кубатов платформанын концепциясы Берлин, Париж, Лондон жана Токиодо өткөн эл аралык туристтик көргөзмөлөрдө оң бааланганын белгиледи. Улуттук туристтик бренддин логотиби катары ак илбирс тандалган.



