«Айыл чарба министрлиги тарабынан өз убагында иш-чаралар көрүлсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көйгөйлөр жаралмак эмес«, -деген Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн бир катар чектөөлөр киргендигин кабарлады.
«Буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасын Евразия экономикалык биримдигинен тышкары экспорттоого тыюу салынат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшүнөн улам, чөптү, курама тоютту, жүгөрүнү, арпаны экспорттоого толук тыюу салдык«, -деди Марипов.
2021-жылдын 8-июлунан баштап, бодо мал жана майда жандыктарды экспорттоого тыюу салынган.
Кече, 24-июнь Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында кабыл алынган даагы бир маанилүү чечим,
Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана этти алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими .
Марипов кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айтты.