7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2002-жылдан бери оңдоло элек. Дэн Сяопин көчөсү асфальттала баштайт

219

Жакынкы күндөрү Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсү асфальттала баштайт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бул көчөдөгү жол оңдоо иштерин тездетүүгө аракет көрүлүүдө. Акыркы ирет аталган жол 2002-жылы ремонттолгон.

“23 жылдан кийин биз Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол оңдоо иштерине киришип жатабыз. Бул жерде жайгашкан ирригация, канализация тутумдарынын баары жаңыланат. Учурда жолдун бир тарабы кыймыл үчүн ачык. Ремонт иштери токтоп калды дегенге болбойт, жумушчулар иштеп жатат. Сабырдуулукка чакырам. Унаа тыгынын эске алуу менен жолдун экинчи тарабын оңдоо иштерин балким эмки жылга калтырабыз. Жолдун бир тарабындагы ремонт иштерин бүтүрөбүз. Ушул жуманын аягында асфальт басыла баштайт”, — деп бегиледи мэр.

220