7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022–2025-жылдары «Социалдык контракт» программасы 48 миңден ашык үй-бүлөгө жардам көрсөттү

22

Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн жигердүү кадамдарды жасоого, турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашып жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлады.

Программа 2022-жылдан тартып иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болуу үчүн шарттарды түзүү.

2022–2025-жылдар аралыгында жалпы 48 557 социалдык контракт түзүлгөн. Прогорамманын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында (73,3%) ишке ашырылып, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында жүргүзүлгөн.

Программанын катышуучуларынын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Демилгенин алкагында 57 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшыртылууда. Ал эми алгачкылардан болуп колдоо алган айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.

2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын өлчөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

2026-жылы 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалууда. Бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган. 2026-жылдын 1-мартына карата 607 социалдык контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тартып бизнес жүргүзүүнү өнүктүрүүгө багытталган пайызсыз кредит бериле баштады. Программанын катышуучулары мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө кредит ала алышат. Пайызсыз кредит алуу үчүн негизги талап — ишкердик жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (ЖЧК, жеке ишкер же патент) болушу. Бул өз кезегинде бизнес-долбоорлорду салык органдарында расмий каттоого өбөлгө түзөт.

2024–2025-жылдары мындай кредиттерди 1 200дөн ашык ийгиликтүү катышуучу пайдаланды. «Социалдык контракт» программасынын алкагында республика боюнча 1 329 чакан ишкана ачылып, анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталып, 1 143ү патент менен иш алып барууда, ал эми 4ү жоопкерчилиги чектелген коом формасында иштейт.

23