7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу завод ачуу пландалууда

1132

Өлкөдө 2022-жылы тамчылатып сугаруу жабдууларын чыгаруучу заводду ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2,5 миң гектар гана айдоо аянты камтылган.

«Сугаруунун ушундай ыкмасына суроо-талап жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошондуктан тамчылатып сугаруу жабдыктарын өндүрүү үчүн балким мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатат», — деди министр.

Ошондой эле ал «Айыл Банк» фермерлерге скважиналарды оңдоп-түзөө жана техника сатып алуу үчүн лизинг берип жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1133