7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2023-жыл түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыяланды

1002

2023-жыл түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады»,- деп жазылат маалыматта.

Бакен Кыдыкеева советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы. 1923-жылы 20-октьбрда Төкөлдөш айылында (учурда Бишкек шаары) туулган.

Орто мектепти 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мимлекеттик театры) уланткан.

1941-1944-жылдары Пржевальск жана Нарын шаарынын областтык театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенет.

Бакен Кыдыкеева өз таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду аткарган. Анын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Ал биринчилерден болуп, алгачкы улуттук толук метраждуу «Салтанат» деп аталган кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган. Чыңгыз Айтматовдун алгачкы «Бетме-бет» спекталинде биринчилерден болуп Сейденин ролун аткарган.

Кыдыкеева бир гана Кыргызстанда эмес, аны кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан.

Бакен Кыдыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003