Жол тармагын өнүктүрүү максатында, 2023-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен жалпысынан, 14,5 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Анын ичиде:
— учурдагы бюджеттен – 2,3 млрд сомду;
— мамлекеттик инвестициялар – 12,1 млрд сомду түздү.
«Мындан тышкары, жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүү максатында 2022-жылдын 30-майында “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргенин билдиребиз. Мыйзамда Жол фондун түзүүнүн булактары жана колдонулушу аныкталган. Ал эми, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Жол фондунун каражаттарынын түшүүсү болжол менен 3,1 млрд сомду түзөт. Ошондой эле, Жол фондуна учурдагы бюджеттин ичинен 2 млрд сом суммасында чегерилүү каралган»,- деп берилет маалыматта.
Азыркы күндө Финансы министрлиги тарабынан учурдагы бюджеттен унаа жолдорун кышкы тейлөөгө жана битум сатып алууга 434 млн сом суммасында каржылоо ачылган.