Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда.

“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал.