7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жыл: Кыргызстан 13 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү

121

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан дипломатиялык байланыштардын географиясын кеңейтип, 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Натыйжада Кыргызстан дипломатиялык мамиле түзгөн мамлекеттердин жалпы саны БУУнун 185 мүчө мамлекетине жетти.

2025-жылы жаңы алакалар төмөнкү мамлекеттер менен орнотулду:

  • Гвинея-Бисау Республикасы;
  • Ботсвана Республикасы;
  • Буркина-Фасо;
  • Белиз;
  • Сомали Федеративдик Республикасы;
  • Гондурас Республикасы;
  • Эсватини Падышалыгы (Свазиленд);
  • Габон Республикасы;
  • Папуа Жаңы Гвинея;
  • Багам Аралдары Шериктештиги;
  • Түштүк Судан Республикасы;
  • Танзания Бириккен Республикасы;
  • Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы.

Белгиленгендей, дипломатиялык мамилелердин орнотулушу Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого, саясий диалогду кеңейтүүгө жана Африка өлкөлөрү жана башка аймактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.

122