7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Роскосмос» 2036-жылга чейин айга электр станциясын курууну пландоодо

366

2025-жылдын декабрь айында «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясы НПО «Лавочкин» менен бирге Айда электр станциясын куруу боюнча өкмөттүк келишимге кол койду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2025–2036-жылдар.

Ай электр станциясынын негизги максаты — Россиянын Ай программасынын керектөөлөрүн жана Эл аралык илимий Ай станциясынын инфраструктурасын узак мөөнөттүү электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, НПО «Лавочкин» — бул астрофизикалык жана планетардык изилдөөлөр, Жерди алыстан зонддоо, ошондой эле учкучсуз космостук системаларды иштеп чыгуучу жана жайгаштыруучу космос тармагындагы алдыңкы уюмдардын бири.

Долбоордун алкагында космостук аппараттарды долбоорлоо, сыноо, учуруу жана Айда инфраструктураны жайгаштыруу каралган.

367