7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иш башкармасына караган мекемелердин кирешеси 14 миллиард сомдон ашты

10

Бүгүн, 2025-жылдын 22-декабрында, президенттин иш башкармасында өткөн аппараттык жыйында 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, ведомстволук уюмдардын кирешелеринин көрсөткүчтөрү каралды.

Жыйында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат берип, ведомстволук уюмдардын кирешелери жыл сайын өсүп келгенин белгиледи.

Анын айтымында,
2020-жылы ведомстволук уюмдардын жалпы кирешеси 479,2 миң сомду,
2021-жылы — 770,9 миң сомду,
2022-жылы — 1 млрд 249,0 миң сомду,
2023-жылы — 5 млрд 296,7 млн сомду,
2024-жылы — 8 млрд 334,7 млн сомду,
ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше 14 млрд 138,9 млн сомду түзгөн.

Натыйжада, 2025-жылга бекитилген 11 млрд сом өлчөмүндөгү пландык көрсөткүч ашыгы менен аткарылды.

Мындан тышкары, аталган көрсөткүчтөргө 2025-жылы президенттин иш башкармасынын карамагына өткөрүлгөн айрым жаңы уюмдар — «Элкат» ЖЧК, ошондой эле Автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун кирешелери киргизилген эмес.

Бул уюмдар толук эсепке алынгандан кийин, 2026-жылга карата кирешени 25 млрд сомго чейин жеткирүү пландалууда.

«Бул уюмдардын кирешеси жалпы эсепке кошулган жок. Алар толук интеграциялангандан кийин, келерки жылы кирешени 25 млрд сомго чейин көбөйтүү максатын коюп жатабыз», — деп белгиледи президенттин иш башкаруучусу.

Белгилей кетсек, киреше көрсөткүчтөрүнүн олуттуу өсүшү 2022-жылдан тартып байкалууда. Тактап айтканда, 2022-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Каныбек Туманбаевди КР Президентинин иш башкаруучусу кылып дайындап, мамлекеттик башкарууда санариптештирүүнү кеңири киргизүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча так милдеттерди койгон.

Президенттин демилгеси жана колдоосу менен ведомстволук уюмдарда санариптештирүү иштери ырааттуу жана системалуу түрдө ишке ашырылган.

Анын алкагында:
• нак акча менен эсептешүүгө толук тыюу салынды;
• төлөмдөр толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү;
• каржылык агымдарга көзөмөл күчөтүлдү;
• кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугу камсыздалды.

Көрүлгөн чаралар ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун арттырып, киреше көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүшүнө шарт түздү.

Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылып, президент тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу, санариптик кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик кирешелерди көбөйтүү негизги артыкчылык бойдон калат.

11