2025-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба инфраструктурасы кеңейип, өндүрүш күчөп, 1264 жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, кооперация, кайра иштетүү, логистика жана механизация багытында олуттуу ийгиликтер жаралып, тармакта жалпысынан 31 миң 276 жумуш оруну бар.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат, анын 39у жаңы ачылды. Ошондой эле 5200 чакан ишкана болсо, алардын 61и быйыл түзүлгөн. Логистикалык инфраструктура да кеңейип, 40 соода-логистикалык борбор, 264 жашылча сактоочу кампа жана 115 мал союу пункту ишке кирди.Продукциянын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, 56 ишканада эл аралык сапат стандарттары киргизилди. Айыл жеринде биригүү күч алып, 821 айыл чарба кооперативи иштеп жатат, анын 68и жаңы”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик механизация багытында дыйкандарга чоң колдоо көрсөтүлгөндүгүн да кабарлаган.
Мында лизинг аркылуу 9079 даана айыл чарба техникасы берилип, анын жалпы суммасы 25,2 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле өлкөдө мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик 186 МТС иштөөдө.
Мындан тышкары, ведомство өткөн жыл кооперация, технология жана өнүгүүнүн жылы катары айыл чарба тарыхында өз ордун тапкандыгын кошумчалады.



