7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылы Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 123 кылмыш иши козголгон

11

2025-жылы Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы 123 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4 кылмыш иши «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен козголуп, сотко жиберилген. 119у үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан башка беренелер менен козголгон. Анын ичинен 89у аялдарга карата, 15и жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар.

Ошондой эле бул аралыкта ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы 2671 протокол, убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо боюнча 223 протокол толтурулган.

Белгилей кетсек, аялдарга карата зомбулуктун деңгээлин баалоонун эл аралык стандарттарына ылайык, “үй-бүлөлүк абал/мамиле абалы”, “үй-бүлө жана нике маселелери” категориялары мыйзамдарда каралганы менен көпчүлүк үй-бүлөлөр каада-салттар, жашоо шарттарынын төмөндүгүнүн, турмуш тиричилиги, көп учурда жолдошторунан көз карандылыгы жана башка себептер болууда.

12