7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү

196

2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2020-жылы өлкөдө 15,3 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө, бирок мындай станциялар аба ырайынан көз каранды. Ал үчүн эсептөөлөр, баланс жана резервдер алдын ала даяр болушу зарыл экендиги жыйында белгиленди.

Өлкөдө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланып, Бала-Саруу, Кара-Көл, Көк-Арт, Кайнама жана көптөгөн башка чакан ГЭСтер ишке берилди. Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы коллегияда айтылды.

197