7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылы Кыргызстанда 50 кишинин бөйрөгүнө акысыз операция жасалат

606

Жыл башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча бюджеттик негизде 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, декабрдын аягына чейин дагы ушундай эки операция кылынат. Ал эми 2025-жылга бюджеттик негизде 50 операция мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргыз хирургдары тарабынан жасалып келет. Жалпысынан 62 операция болду.

Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу 13 жаштагы кыздын сөөк чучугу алмаштарылды. Дары каражаттары менен камсыздоо иштерин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.

607