7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,9 трлн сомдон ашты

122

2025-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоолор боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1,9 трлн сомдон ашып, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 11,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

2

Анын айтымында, бул аралыкта өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,7 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (35,7 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (30,5 пайызга), тамак-аш  азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (30,1 пайызга), химиялык продукциялардын (19,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (14,2 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 10,6 пайызга көбөйдү.

1

Ал белгилегендей, оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 21,1 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,2 пайызды түздү.

123