7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эски күбөлүктөр бир катар чет өлкөлөрдө таанылбайт

271

Кыргызстанда эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү этап-этабы менен алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн мөөнөт берилген. Бул убакыт ичинде эски күбөлүктөр Кыргызстандын аймагында жарактуу болуп турат. Бирок ал убакыт аяктагандан кийин, алар күчүн жоготот жана милдеттүү түрдө жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө алмаштырылышы керек.

Эски күбөлүктөрдү алмаштыруунун негизги себептери:

  • Алар санариптештирилген эмес жана бир катар чет өлкөлөрдө таанылбайт;
  • Коргоо элементтери начар жана сүрөттөрү эскирген, бул инсанды аныктоону кыйындатат;
  • Жаңы күбөлүктөр заманбап эл аралык талаптарга жооп берет жана коргоо деңгээли жогору.

Жарандар үчүн жеңилдиктер: Мамлекет алмаштыруу процессин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүү үчүн төмөнкү чараларды көрдү:

  • 083 формасындагы медициналык маалымкатты (справка) көрсөтүү талабы алынып салды;
  • Күбөлүктү «Түндүк» системасы аркылуу онлайн форматта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;
  • Кызмат көрсөтүү тартиби оптималдаштырылып, кошумча чыгымдарсыз жана шашылышсыз бүтүрүүгө шарт түзүлдү.

Кантип алмаштыруу керек?

  1. Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде көрүнбөсө: Тиешелүү филиалдарга өзүңүз барып, документти санариптештирүү жана алмаштыруу үчүн кайрылышыңыз керек.
  2. Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде бар болсо: Филиалдарга барбай эле, онлайн форматта алмаштырууну тариздөө сунушталат.

Жарандарга учурдагы жеңилдетилген шарттардан пайдаланып, күбөлүктөрүн алдын ала алмаштырып алуу сунушталат.

Мөөнөттөр жана кийинки этаптар тууралуу кошумча маалыматтар расмий түрдө жарыяланат.

272