7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2026-жылкы дүйнө чемпионатына Германиянын курама командасы жолдомо алды

142

Германиянын курама командасы Словакияны жеңип, дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Бул тууралуу 24 кж агенттиги жазды.

Лейпцигдеги беттеш Батыш Германиянын пайдасына 6:0 эсебинде аяктады. Сентябрь айында ушул сыяктуу беттеште немистер Словакияга 0:2 эсебинде утулуп калышкан.

Бул жолу немис командасынын алдыда экени биринчи таймдын башында аныкталды. Чабуулчу Ник Вольтемаде 18-мүнөттө эсепти ачты. Немистер биринчи таймдын аягына чейин дагы үч гол киргизишти.

Германия тандоо турниринин «А» тобунда биринчи орунду ээлеп, 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

Эске салсак, Дүйнөлүк чемпионат 2026-жылдын июнь-июль айларында Түндүк Америкада өтөт.

143