Ош шаарындагы бассейндердин биринде пикир келишпестиктен улам 22 жаштагы балага бычак уруп, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июль кунү , болжол менен саат 21.30 чамасында ооруканага 2001-жылы туулган тургуну денесинен жарат алып кайрылган. Милиция кызматкерлерине жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө аталган бассейнинде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жаран жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жайынан шектүү, Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1995-жылы туулган Н. М. кармалган.
Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экендиги жана кылмыш чөйрөсүндө « коен» деген каймана ат менен белгилүү экендиги аныкталды.
Шектүүгө кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн 11-август күнү анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.