Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда.
Себеби айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда.
Ошондуктан, дем алыш күндөрү да, ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.
Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.
Урматтуу айдоочулар!!! Баарыңыздарды жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.