7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

23-Анкара китеп жарманкеси Түркиянын борбору Анкара шаарында ачылды

309

23-Анкара китеп жарманкеси Түркиянын борбору Анкара шаарында ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 3-апрелден 13-апрелге чейин өтүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген басмачыларды, жазуучуларды жана окурмандарды бириктирген ири маданий аянтча болуп саналат.

Жарманке Eylül Fuar Organizasyon компаниясы тарабынан уюштурулуп, быйылкы жылы ардактуу конок катары Кыргыз Республикасы катышууда.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Элчиси Руслан Казакбаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, ошондой эле Түрк жазуучулар союзунун төрагасы Муса Казым Арыжан жана Түркиянын адабий коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Жарманкенин алкагында китептердин бет ачарлары, тематикалык талкуулар жана авторлор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Кыргыз делегациясын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана көрсөтүүдө.

Иш-чара эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт.

310