Чүйдө 24 жаштагы келин асылган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-сентябрь күнү Кемин РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде өз өмүрүн кыюу фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Кемин РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон үйдөн 1997-жылы туулган Н.М. аттуу жарандын жансыз денеси алынып, кароо учурунда анын дене жаракаттары байкалган эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалып, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин ар араптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.