Көп жылдан бери Казакстандан Кыргызстанга документи жок келе албай жүргөн Санжарбек Кадиров буга чейин президентке видео кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болгон жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган Кадыров Санжарбек Саибжоновичти кабыл алды.
Көрүлгөн чаралардын негизинде Санжар Кадировго Кыргызстандын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. Кадировго Кыргызстандын жаранынын паспортун алып берүү маселеси президенттин көзөмөлүндө болгон.
1998-жылы Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда Санжарбек документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн.
2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам ал үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы анын атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган. Анын айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргызстандын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен Кыргызстандын паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.