7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Эмдөөдөн өткөн студенттерге контракттарын төлөөдө 10% жеңилдик берилет

670

Өзбекстанда 2021-2022-окуу жылындагы контракттарын төлөөдө  коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн студенттерге  10% жеңилдик берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги билдирди.

Малыматка ылайык, 18 жаштан ашкан студенттер мамлекеттик бюджеттин эсебинен коронавируска каршы өз каалоолору менен эмдөөдөн өтүп жатышат.

Өткөн аптада Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу мекеме-ишканаларга кызматкерлерин тез арада эмдөөдөн өткөртүү көрсөтмөсү берилгени кабарланган.

Белгилей кетсек, 30-июнда Кытайдан Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 деп аталган кытай-өзбек вакцинасынын дагы 1 миллион дозасы келген.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671