Өзбекстанда 2021-2022-окуу жылындагы контракттарын төлөөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн студенттерге 10% жеңилдик берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги билдирди.
Малыматка ылайык, 18 жаштан ашкан студенттер мамлекеттик бюджеттин эсебинен коронавируска каршы өз каалоолору менен эмдөөдөн өтүп жатышат.
Өткөн аптада Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу мекеме-ишканаларга кызматкерлерин тез арада эмдөөдөн өткөртүү көрсөтмөсү берилгени кабарланган.
Белгилей кетсек, 30-июнда Кытайдан Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 деп аталган кытай-өзбек вакцинасынын дагы 1 миллион дозасы келген.