25-июнга карата коронавирус дагы 892 адамдан аныкталып, Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1, Ош шаарынан – 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
- Бишкек шаарында – 401,
- Ош шаарында – 55,
- Чүй облусунда – 143,
- Ош облусунда – 81,
- Талас облусунда – 7,
- Нарын облусунда – 7,
- Ысык-Көл облусунда – 27,
- Жалал-Абад облусунда – 110,
- Баткен облусунда – 61 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 524 адам илдеттен сакайды.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 811 бейтап, амбулатордук түрдө 6миң 108 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 119 миң 873 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 915 киши айыгып чыкса, 1 миң 971 адам каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.