7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

26 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүргөн кылмышкер кармоо учурунда жок кылынды

731

24-май күнү түнү Айтматов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн үч жарандын жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрүнө, 26 жаштагы аялга жана анын эки жана төрт жаштагы балдарына таандык экени аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө киши өлтүрүү болгондугу такталган, денелеринде көптөгөн жараттар бар экендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталып, ал мурун адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Н. экендиги такталган. ЖМКлар ал келиндин кайнагасы экенин жазышууда.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган.

Тоодо кармоо учурунда шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынды.

 

 

 

 

 

732