Абсаттар Сыргабаев АКШнын 10 университетине окууга өтүп, грантка 1 млн АКШ долларын уткан Теңизбек Токтомушовду куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү шаардагы “Курманбек Баатыр” балдар лицейинин бүтүрүүчүсү, АКШнын 10 университетине окууга өтүп, грантка 1 млн АКШ долларын утуп алган Теңизбек Токтомушев менен жолугушту.
Ыйгарым укуктуу өкүл бул көрсөткүч облустун билим берүү тармагындагы чоң жетишкендиги экенин айтып, Теңизбекти окуудагы жараткан ийгилиги менен куттуктады.
Өкүл алдыңкы окуучулар облустун сыймыгы жана эртеңки келечеги экенин белгилеп, алдыда туура кесип тандап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты кадр, татыктуу инсан болуусун каалады.
Ошондой эле, мындагы жетишкендикте лицей мугалимдеринин эмгеги чоң экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Теңизбек Токтомушев 2006-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 7-класска чейин С. Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүү мектебинде окуган, андан кийин Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алган.