7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүп кетишти

619

Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

620