Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 27-28-августта туруксуз аба-ырайы  күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус болушу күтүлөт.
 
» Кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайбыз!»,-дешти ӨКМден