7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас шаарындагы бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт

465

Талас шаарындагы бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштеп жаткан 192 мечиттин жана намазкананын ичинен 5 мечиттин каттоодон өтпөгөндүгү, 172 мечитте өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды. 192 мечиттин 29у Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө электиги белгилүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мечит имамдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Жакынкы арада республикалык деңгээлде текшерүү уюштурулуп, мүмкүн болуучу жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу терс кесепеттерди алдын алуу максатында талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганы айтылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

466