Ысык-Көл облусунун тургундарынын арасынан тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочулары Ысык-Көл облусунун тургундары А.Ж.К. жана Б.И.С. аныкталды. Алар Ысык-Көл облусунун Түп райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.