7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

28 жаштагы жаран жашы жете элек 17 жаштагы кызга үйлөнүп, нике кыйган айылдын имамы кармалды

1198

Жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран, жашы жете элек 2005-жылы туулган Б.М. жана 1995-жылы туулган Ш.Х. аттуу жарандарга нике кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө ага карата үй-камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1199