19-августка карата коронавирустан 6 бейтап каза болуп, 498 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Сутка ичинде 249 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID диагнозу аныкталды.
Алар:
- Бишкек шаарында 84 адам;
- Ысык-Көл облусунда 26 адам;
- Чүй облусунда 77 адам;
- Баткен облусунда 16 адам;
- Жалал-Абад облусунда 15 адам;
- Талас облусунда 13 адам;
- Ош шаарында 3 адам;
- Ош облусунда 3 адам;
- Нарын облусунда 12 адам катталды.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.
Акыркы сутканын ичинде 21 091 адам коронавируска каршы эмделген. Анын ичинде,
— 8 653 адам биринчи доза менен,
— 12 438 киши экинчи доза менен эмделди.
Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен 614 367, экинчи доза менен 305 516 адам эмдөөдөн өткөн.