Эртең, 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Ал эми, Бишкек шаарында жаан карга айланышы мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
- Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
- Бишкекте түнкүсүн -4…-6, күндүз +5…+7 градус болот.