7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3-августка карата 797 адамдан вирус аныкталып, 10 бейтап көз жумду

528

Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 445, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 123, Ош облусунда — 13, Талас облусунда — 20, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 51, Жалал-Абад облусунда — 70, Баткен облусунда — 56 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 247, Ош шаарында — 37, Чүй облусунда — 158, Ош облусунда — 75, Талас облусунда — 32, Нарын облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 105, Баткен облусунда — 100 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош, Талас, Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 524 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 936 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529