Бүгүн, 25-июнга карата, акыркы бир суткада даагы 875 адамдан коронавирус табылды. Бишкек шаарынан – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык,
- Бишкек шаарында – 395,
- Ош шаарында – 55,
- Чүй облусунда – 128,
- Ош облусунда – 109,
- Талас облусунда – 12,
- Нарын облусунда – 10,
- Ысык-Көл облусунда – 27,
- Жалал-Абад облусунда – 90,
- Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган.
«Ал эми акыркы суткада 533 адам илдеттен сакайып чыккан. Ушул тапта стационарларда коронавирустан 2 миң 702 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 862 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.