7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

30-августка карата аба ырайы. Кутман таң, окурманым!

2

Кыргызстан боюнча 30-августка карата аба ырайынын божомолу.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түндө +14…+19

күндүз +32…+37

Талас облусу

түндө +10…+15

күндүз +28…+33

Баткен облусу

түндө +17…+22

күндүз +32…+37

Ош, Жалал-Абад облустары

түндө +17…+22

күндүз +32…+37

Ысык-Көл облусу

түндө +11…+16

күндүз +24…+29

Нарын облусу

түндө +6…+11

күндүз +25…+30

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан согуп, секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү температурасы +17…+19°, күндүзгү температура +33…+35° болот.

Чолпон-Атада кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Шамал батыштан согуп, секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү температурасы +13…+15°, күндүзгү температура +24…+26° болот.

Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 28-августта күндүз +23,5°, ал эми 29-августта эртең менен +21,5° болду.

3