7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

30-июндан тартып Россияга кирүүдө жаңы эреже иштеп баштайт

342

30-июндан тартып Россиянын аймагына кирүүнү пландаган бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагына кирүүгө чейин, 72 сааттан кечиктирбестен, барган себебин жана анын аймагында жүрүүнүн максатын көрсөтүү менен мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз берүү талап кылынат.

Шашылыш дарылануу, катуу оору же жакындарынын өлүмүнө байланыштуу жагдайларда, аны тиешелүү  документтер менен ырастоо аркылуу, Россияга кирүүгө чейин 4 сааттан кечиктирбестен мобилдик тиркеме аркылуу кабарлашы зарыл.

Учурда чет өлкөлүктөр үчүн “Госуслуги” тиркемесинин аналогу боло турган “RuID” тиркемеси иштелип чыгып жатат.

Мобилдик колдонмо аркылуу арыз берүү — биринчи кезекте, чет өлкөлүк жаран тууралуу маалыматтарды камтыган санариптик профилди түзүү үчүн зарыл. Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилинин болушу келечекте анын мамлекеттик кызматтарды алууда Россиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен электрондук формада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Эгерде, чет өлкөлүк жаран тарабынан мобилдик колдонмо аркылуу арыз берилбеген болсо, аны Россиянын чек арасынан өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары каралбайт.

Ошол эле учурда, чет өлкөлүк жарандын аймакка кирүүсү тууралуу чечим – Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунда  кабыл алынат.

Буга байланыштуу Элчилик, Кыргызстандын жарандарына Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери менен алдын-ала таанышып алууну сунуштайт.

343