7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тууганын Нарын дарыясына ыргытып жиберген шектүү 12 жылдан кийин кармалды (ВИДЕО)

303

Нарында 12 жыл мурунку киши өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы 24-майда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей, кылмыш иши козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 24-майдан 25-майга караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айланган.

Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылганы аныкталган.

Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан бул кылмышка шектүү катары Нарын районунун тургуну 1986-жылы туулган К.М экендиги аныкталып , КРнын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2- бөлүгү (Адам өлтүрүү) менен камакка алынган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

304