7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

30 Жогорку окуу жайда «Бизнес-инкубаторлор» ачылды

540

Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын утурлай, 30 жогорку окуу жайында “Бизнес-инкубаторлор” ачылды.

“Түзүлүп жаткан бизнес-инкубаторлордун иши Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн технологиялык көз карандысыздыгын калыптандырууга багытталат”, — деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн тартипте өткөн стартап борборлорун ачуу аземинде.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, студенттер ар кандай тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыга жылдыруучу идеяларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алат. Аларга тажрыйбалуу насаатчылар жардам берет.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири – жаштарды жана келечек муундарды окутуу үчүн ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

“Студент биринчи курстан баштап конкреттүү бир бизнес идеяны акыл-оюнда бышырса, акыркы курста стартап форматында ишке ашырса, анын натыйжасында коом үчүн жаңы жана өтүмдүү болгон бир продукт өндүрүүнү жолго койсо, бул чоң ийгиликке жетүү болуп саналат”, — деди министр.

Министр Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын (КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУ) ректорлору жана көз карандысыз эскперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып, жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келген. Аталган 31 бизнес-инкубаторлор ушул иш-сапардын алкагында ишке ашты.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541